Abank_oct
SerepTV Logo

Бишкек милициясы: Сыймык Жапыкеев коомдук тартипти бузуу фактысы боюнча бөлүмгө жеткирилди

Бишкек милициясы: Сыймык Жапыкеев коомдук тартипти бузуу фактысы боюнча бөлүмгө жеткирилди

Бүгүн, 19-октябрда саат 02:11 чамасында Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматына Жаманбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде тынчтыкты бузуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Арыз ээсинин айтымында, кошуналары ызы-чуу салып, кыйкырып, жашоочулардын тынчын алышкан.

Аталган факты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери ыкчам түрдө барышкан. Алар жеринен 1977-жылы туулган С. Ж. аттуу жаранды аныкташкан. Алдын ала маалымат боюнча, жаран катуу алкоголдук мас абалында болгон. Ошондой эле ал милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, сөгүнгөн сөздөрдү айткан.

Кийинчерээк жаран Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын № 5 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда аталган факты боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.


SEREP MEDIA