Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “Ансар Групп” кооперативинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Бүгүнкү күндө аталган кооперативден алданып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылгандардын саны 59 адамга жеткен. Жарандарга келтирилген чыгым 63,8 миллион сомду түзөт. Алардын көпчүлүгүнө аталган кооператив турак-жай сунуш кылышып, ар кандай суммадагы акчалай төлөмдөрүн алышып, бирок үй алып бере алышкан эмес. «Акчалары дагы кайтарылбаган. Көпчүлүк жабырлануучулар кооператив тарабынан убадаланган үйлөр берилбегендиктен, убадаланган үй берүү мөөнөттөрү өтүп кеткендиктен арыз жазууга мажбур болушкан. Жабырлануучуларлын арасында 5 миллион сомдон ашыкча акча берген жабырлануучулар бар. Учурда “Ансар Групп” коммерциялык эмес керектөөчү кооперативине жана андагы тиешелүү жооптуу адамдарга туура юридикалык баа берүү максатында Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. Бул кылмыш ишинин алкагында кечээ, 9-октябрь күнү шектүү катарында “Ансар Групп” кооперативинин республика боюнча жетекчиси 1994-жылы туулган Ш.Э. жана аталган кооперативдин Ош шаары боюнча жооптуу жетекчиси 1995-жылы туулган С. уулу А. кармалып, Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Эртеӊ кармалгандардын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат»,— деп айтылат маалыматта.