Айланма жолдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу тарады. Милиция эмне дейт?

Бүгүн, 26-январда Кант шаарынын аймагындагы Айланма жолдо жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирип, сүрөт, видеолор менен бөлүшүштү. Маалыматка караганда, каза болгондор жана жаракат алгандар бар.

«26-январь саат 10:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 38-чакырымынан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасы күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып, каршы тилкедеги Мерседес-Бенц Спринтер кичи автобусунун алдына чыга калып, жол кырсыкка учураган.

Азыркы учурда жол кырсыгы болгон жерде Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тобу жана Чүй облусун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын кызматкерлери тарабынан жол кырсыгынан жаркат алгандардын саны такталууда», — дешти милициядан.