Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан каржы пирамидасын уюштуруу боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
2-март күнү милицияга жаран кайрылып, «Chargefast» компаниясынын ээлерине карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 400 миң сом суммадагы акча каражатын ээлеп алышкан. Андан кийин убадасын аткарбай жүргөн жерин жашырышкан. Аталган факты боюнча Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (финансы пирамидаларын уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1991-жылы туулган Н.Н. жана 1995-жылы туулган А.С. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге 50дөн ашуун жаран арызы менен кайрылган. Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда каза болгон 32 жаштагы келиндин жакындары акыйкаттык издеп, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат...
Мурас-Ордо конушунда 2008-2009-2011-жылы туулган өспүрүмдөрдү сабап, тоноп кетиришкен. Бул тууралуу блогер Эртай Искаков билдирди. Маалыматка караганда, окуя 14-декабрь күнү болгон....
Бишкектеги Көк-Жар айылында жайгашкан "Байбол" кафесинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн...
Баткенде алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 2025-жылдын 19-апрелинде 33 жаштагы шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган....