Бишкектин Көк-Жарында курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан чыккан өрт толук өчүрүлдү
11-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Көк-Жар айылындагы Арашан көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 18:30да 5 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты, ГТТК жана штаб тартылган. Саат 20:30да өрт чектөөгө алынып, саат 21:46да толук өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн. Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.