Жарандык активист Улан Жураев сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып пул салынды

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде кармалган жарандык активист Улан Жураевди сот күнөөлүү деп таап, айып пул төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Улан Жураевге 260 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынган. Ал тергөө менен кызматташканы маалым болгон.

Буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков Бишкектеги СИЗО-1ге которулган, ал өзүно коюлган күнөөлөрду моюндабайт.