Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери сойкулук менен алектенип жүргөнгө шектүү Ош шаарындагы батирлердин биринен 6 кызды кармады. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымдашты.
Милиция кызматкерлери интернет аркылуу Ош шаарындагы даректи көрсөтүү менен кардар эркектерди эс алууга чакырган даректи аныкташып, ал даректин үстүнөн ыкчам иликтөө иштерин жүргүзө башташкан. Натыйжада ал даректе 6 кыз сойкулук жасоо үчүн батирди апрель айында алышып, интернет аркылуу чакыра баштаганы, ал эми сойкулук жасоо үчүн бул көмүскө жайды Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 2001-жылы туулган тургуну Ж.А. уюштурганы, Ош шаарынын, Ош облусунун жана Жалал-Абад облусунун жашоочуларынан турган топту түзгөндүгү аныкталды.
Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүгө шектүү катары 2001-жылы туулган Ж.А. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 9-майда киргизилди. Анын үстүнөн ККылмыш кодексинин 160-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Калган 5 кыздын үстүнөн профилактикалык иш чаралар жүргүзүлдү.