Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери кайрадан улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-апрелде болжол менен саат 13:30 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон. Бүгүн жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 30 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, мындан сырткары жергиликтүү тургундар тартылган.
Кечээ, 3-апрелде жоголгон баланын ата-энесинин макулдугу менен издөө иштери токтотулган эле.