Бишкек шаардык кеңешинин депутаты 38 жаштагы Таалай Темиркулов убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Бүгүн, 8-августта Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Темиркулов өз ыктыяры менен «МР-79-9» травматикалык тапанчасын бир огу менен чогуу тапшырган. Ал ээнбаштыкка шектелүүдө. Тергөө уланууда.
Буга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутат Таалайбек Темиркулов Алга Кылычовдун бутуна ок аткан деп шектелип жаткан.