Алмазбек Атамбаев кайрадан тартипти бузганы үчүн сот залынан чыгарылды (видео)

Бүгүн, 2-декабрда Биринчи Май райондук соту 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Отурумдун жүрүшүндө прокурор негизги айыпталуучу Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча өтүнүч келтирип, ал канааттандырылган. Ал сотко жеткирилип, бирок тартипти бузганы үчүн сот залынан чыгарылды.