Бакай-Ата районунун Үйүр-Марал айылынын тургуну милицияга арызы менен кайрылып, 18-апрелде саат 18:30 чамасында үйүнөн 1992-жылы туулган 1-топтогу майып карындашын алсыз абалынан пайдаланып зордукталгандыгы тууралуу айткан. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Аталган билдирүү катталып, Бакай-Ата РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анда шектүү катары Үйүр-Марал айылынын 1980-жылы туулган тургуну аныкталып, Бакай-Ата РИИБге жеткирилип, ал зордуктабаганын айткан. Жабырлануучу соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы денесинде күч колдонулган жаракат белгилери жоктугун көрсөттү. Шектүү Жазык кодексинин 154-беренеси менен айыпталып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.