Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген АКШда жол кырсыгына кабылды. Кырсык тууралуу өзү социалдык баракчасына жазды.
"Биринчи жолу Америкада жол кырсыгына кабылдым. Унаанын багажниги, номери, бампери жакшы эле жапа чекти. Менин абалым жакшы, болгону нес болдум. Унаамды сүзгөн аял да мендей абалда болду. Ал алаксып, аралыкты сактабай калыптыр. Кырсыктан кийин экөөбүз тең унаадан чыгып, абалыбызды сураштык, бири-бирибиз тууралуу маалыматты, камсыздообузду алмаштык, ызы-чуусу жок тарадык.