SerepTV Logo

"Атып жатат, качкыла" дешти. Кантип уулумду көтөрүп чуркаганымды билбейм". Атабековдун жубайы ок чыгарууга күбө болгонун айтты (видео)

"Атып жатат, качкыла" дешти. Кантип уулумду көтөрүп чуркаганымды билбейм". Атабековдун жубайы ок чыгарууга күбө болгонун айтты (видео)
Ырчы Мирбек Атабековдун жубайы, блогер Мээрим Төлепберген Филадельфияда өткөн АКШнын эгемендүүлүгүнө карата иш-чарадагы адамдарга карата ок чыгарууга күбө болгон. Кечээ, 4-июлда АКШнын Филадельфиясында миңдеген адамдар концертке чогулган жерде эки полиция кызматкерине ок чыгарылган. Ырчынын жубайы окуянын чоо-жайы тууралуу социалдык баракчасына билдирди. "Уулум Адам, сиңдим жана инилерим болуп АКШнын эгемендүүлүгүнө карата уюштурулган концертке барып, фейерверктерди көрүп келели дегенбиз. Сахнага белгилүү ырчы Жейсон Деруло чыгып, мен жактырган хит ырларын аткарды. Концерт бүткөн соң фейерверктер атылып баштады. Баарыбыз капарсыз асмандагы кооз фейерверктерди карап суктанып турсак, капыстан "атып жатат, качкыла!" деп кыйкырып калышты. Кантип 20 килограмм салмактагы Адамды көтөрүп, сиңдимди жетелеп чуркап жөнөгөнүмдү билбейм. Айланада баары кыйкырып, тез эле кымгуут болуп кетти. Айрымдар унаанын түбүнө жашына калса, айрымдар бакырып ыйлап чуркап жүрүшөт. Баарынан да жаманы, сен жакка ок атып жатабы же фейерверк атылып жатабы, ызы-чуудан айырмалай албаганың. Бактыга жараша биз унаабызга жетип, аман-эсен үйгө келип алдык", - деген Мээрим.
Кечээ, 4-июлда АКШнын Чикагосунда да  эгемендүүлүктү белгилөө парадында белгисиз жаран адамдарга карата ок чыгарган. Анда 6 адам окко учкан, 30 чакты жаран ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген.