Кыйноолорду алдын алуу Улуттук борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери 6-декабрда 161-беренесинин 4-бөлүгүнүн (жашы жете элек баланы зордуктоо) негизинде өмүр бою эркинен ажыратылган 21 жаштагы жаран кармалып жаткан №5 тергөө абагына барышты. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну кызматкерлер менен баарлашып жатып, бул кылмышты жасабагандыгын билдирген. Абактагынын айтымында, ал кыйноого кабылып, 10 жаштагы кызды зордуктабаса да, күнөөнү моюнга алууга аргасыз болгон. Айтымында, аны сурак маалында кыйнап, аялдардын ич кийимин кийгизишип, эгер күнөөнү моюнга албаса, аны ачыкка чыгарабыз деп коркутушкан жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын бурмалашкан.