Аялын сабап, 30 миң долларды кайтарбай… УКМК үй-бүлөлүк зомбулукка шектүүнү кармады

УКМКнын дарегине М.Т. аттуу жарандан күйөөсү Р.У.Н. тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатканы тууралуу, анын кесепетинен борбор калаадагы медициналык мекемелердин бирине жаткырылып, ал жактан тиешелүү дарылануу жана үй-бүлөлүк психологдун консультациясын алып жатканы тууралуу арыз келип түшкөн. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Тергөөдө Р.У.Н. үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам жубайынын ден соолугуна ар дайым залал келтирип, физикалык зыян келтирүү менен коркутуп, аялына моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, ошондой эле анын туугандарынын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 30 миң долларды алып, көпкө чейин кайтарып бербей келгени аныкталды. Ошол эле учурда аялы алган акча каражаттарды кайтарып берүүнү суранганда Р.У.Н. системалуу түрдө ур-токмокко алып, денесине залал келтирип турган. Ден соолукка зыян келтирүү жана алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда Р.У.Н. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, системалуу түрдө ур-токмокко алуу фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды, керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилип, тиешелүү чаралар көрүлөт.

УКМК үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына жол берилбестигин, аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертип, мындай фактылар катталган учурда дароо билдирүүнү өтүнөт.