Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаарындагы «АЮ Гранд» соода түйүнүндө жайгашкан Калкты тейлөө борборунда өрт чыккандыгына байланыштуу мекеме убактылуу иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо аталган соода борборундагы электр калканынан чыгып, анын кесепетинен имаратта электр жарыгы өчүп калды. Ага байланыштуу имаратта жайгашкан калкты тейлөө борборунун жана «Унаа» мекемесиндеги бардык жарандар жана кызматкерлер эвакуацияланды. Жабыркагандар жок.
Мүлк, архив жана документтер жабыркаган эмес.
Учурда «АЮ Гранд» соода борборундагы «Унаа» мекемесинин жана калкты тейлөө борборунун, «119» колл-борборунун ишмердүүлүгү көйгөйдү чечилгенге чейин убактылуу токтотулду.