УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүндө (алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кыргыз жарандары Д.М.С. жана С.А.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, жеке баюу максатында “Спекулянт” ЖЧКсынын башкы директору, Орусиянын жаранынын ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алып алышкан. Алар убадаларын аткарбай, алынган акча каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу максатында “Спекулянт” ЖЧКсынын башкы директорунун жакындарына кысым көрсөтүшкөн. Ошондой эле, коркутуу менен өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен жеке байланышта экендигин, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экендигин айтышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине белгилүү болгондой, кармалган жарандардын бирөөсү КВНдин «Азия MIX» командасынын мурдагы мүчөсү Марат Жуманалиев.
Өзгөчө ири өлчөмдөгү коррупция фактысы боюнча УКМКнын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК улуттук коопсуздук органдарынын катарын кызматтын кызыкчылыгына...
Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК...
Өзгөндө аялын сабаган жолдошу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 10-июнда шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши...
Нарын ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө...
УКМК тарабынан кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу жана документтерди жасалмалоо фактылары боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында "Кара риэлторлор" кармалды....