Шейшемби, 23.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Балыкчыда 13 жаштагы окуучу өз жанын кыйган окуя боюнча шектүүлөр кармалды

16:34 21.07.2025
0
Балыкчыда 13 жаштагы окуучу өз жанын кыйган окуя боюнча шектүүлөр кармалды

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Балыкчы шаарынын тургуну Кыял Апсаматова кайрылып, 13 жаштагы уулу Нурсултан Канатбек уулу 26-мартта асынып өз жанын кыйганын, бирок алар буга ишенбей турганын билдиришкен.

Апасынын айтымында, уулу эч себепсиз мындай жолго барбайт болчу. «Нурсултан үй-бүлөдөгү жалгыз уул эле. Улуу эжеси, эки карындашы бар. Ооз бекиткен учур болчу. Уулум да орозо кармап жаткан. Төртөөбүз ооз бекиттик. «Силер жата бергиле, мен жыйнап коём» деп, дасторконду бизге жыйнатпай койду. Бир карасам эжеси экөө сүйлөшүп отурушкан. Анан эле «Ичим ооруп жатат» деп сыртка чыгып кеткен экен. Анан эле ушундай окуя болуп жатат. 

Буга чейин мектептен денеси, бөйрөк тушу көгөрүп келген учур болгон. «Классташ балам менен урушуп кеттик» деген. Мектепке барып, териштирип, чечишип келгенбиз. Дагы бир жолу мойнунда так менен келди. Эмне болду десем, «катуу тырмап койгон окшойм» деди. Көрсө, 8-класстын окуучусу муунткан экен. Ушундай окуялар болду. Биз баламдын өз жанын кыйышына мектептеги салык салмай түрткү болду деп ойлоп жатабыз. Милицияга арыз жазганбыз, бирок биздин иш алдыга жылбай жатат. Мен башка энелер да уулунан ажырап калышын каалабайм», — деди апасы.

Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда 17-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин негизинде (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

«26-март күнү Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2011-жылы туулган өспүрүм өз үйүндө асынып алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Көрсөтүлгөн дарекке ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлүп, 14 жаштагы өспүрүмдүн асынып алгандыгы тастыкталган. Жансыз денени кароо учурунда эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Аталган факты Балыкчы ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Маркумдун 1987-жылы туулган атасы Балыкчы ШИИБге арыз менен кайрылып, уулу мектепте чогуу окугандар тарабынан коркутууга жана салык салууга кабылып келгенин, ал эми каза болордон бир күн мурун чоң энесинен велосипедин оңдоого деп 4 миң сом сураганын билдирген. Бул боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн.

Окуяга байланыштуу маркум менен чогуу окуган жана жакын катышкан 31 окуучу мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суракка алынган. 24-апрель күнү тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Аталган окуя боюнча маркумдун ата-энеси тергөөчүнүн кабыл алган чечимине макул эместигин билдирип, облустук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышкан.

Ал эми Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан 2025-жылдын 16-июнунда Балыкчы шаарынын прокуратурасына чечимди жокко чыгарууга жана кошумча териштирүү жүргүзүүгө өтүнүч келтирилген. Келтирилген өтүнүчтүн негизинде чечим жокко чыгарылып, кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн иш Балыкчы ШИИБге жөнөтүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, 17-июнда Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин негизинде (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — дешкен.

28-июнда жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, Балыкчы шаарынын 2008-жылы туулган тургуну кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Балыкчы шаардык сотунун чечими менен тергөө убагына 1 айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

Ошондой эле, кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө опузалап талап кылуу жана тоноо фактылары да аныкталган. 23-июнда Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар тургуну, 1986-жылы туулган Е.У. арыз менен кайрылып, 2008-жылы туулган уулуна белгисиз өспүрүм тарабынан 2025-жылдын январь айынан тарта бир нече жолу опузалап акча талап кылуу болгонун билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.

Мындан сырткары, 2025-жылдын 25-июнунда дагы бир жаран — 1984-жылы туулган Т.А. арыз менен кайрылып, январь-февраль айларында Балыкчы шаарында белгисиз өспүрүм анын 2008-жылы туулган уулун коркутуп, күч колдонуу жолу менен бир нече жолу спорттук костюмун тартып алганын айтып, тиешелүү чара көрүүнү суранган. Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) жана 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иштери козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмыштарга шектүү катары Балыкчы шаарынын 2009-жылы туулган тургуну кармалып, мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда суракка алынган. Ага жогоруда көрсөтүлгөн беренелер боюнча айыбы угузулуп, эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Балыкчы шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата 1 айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Бишкекте жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды

Бишкекте жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды

Автор Эдита Ильясова
11:05 23.12.2025
0

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан унааны мас абалында башкарган айдоочу токтотулган. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук...

Токтогулда кыштоодо мал караган балдар калып калганы айтылды (видео)

Токтогулда кыштоодо мал караган балдар калып калганы айтылды (видео)

Автор Эдита Ильясова
12:35 22.12.2025
0

Социалдык тармактарда акыркы катуу жааган кардан улам Токтогул районунун Толук айылында кыштоодо айылдын малы менен кошо мал караган балдар калып...

Чүй районунун акими кармалды

Чүй районунун акими кармалды

Автор Эдита Ильясова
11:10 22.12.2025
0

Чүй районунун акими кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 16-декабрда УКМК тарабынан кум-шагыл аралашмаларын казып...

Чүйдө бала бакча өрттөндү (видео)

Чүйдө бала бакча өрттөндү (видео)

Автор Эдита Ильясова
10:57 22.12.2025
0

Бүгүн, 22-декабрь күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Төрт-Көл айылындагы бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...

«Бөтөн райондо эмне жүрөсүң?» Бишкекте сабалган өспүрүмдөрдүн видеосу тарады

«Бөтөн райондо эмне жүрөсүң?». Милиция өспүрүмдөрдү тапты

Автор Эдита Ильясова
10:16 22.12.2025
0

Буга чейин социалдык тармактарда Мурас-Ордо конушунда 2008-2009-2011-жылы туулган өспүрүмдөр сабалды деген видео тараган. Видеодон өспүрүмдөргө кол көтөрүп, «Бөтөн райондо эмне...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Социалдык фонд: «2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз»

Социалдык фонд: "2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз"

12:13 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

11:44 23.12.2025
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:48 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

15:53 23.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү