«Ысык-Көлдө инимди балдар сабап, иним ур-токмоктон каза болуп калды» деген жаран коомчулукка кайрылуу жасаган.
«6-августка караган түнү Бостеридеги «Алтын Кум» эс алуу жайына иним балдар менен эс алууга келген. Ошол түнү аны 7-8 бала пикир келишпестиктен сабап салышкан. Ал өтүп кетти. Ал эми милицияга барсак, тилин жутуп алып каза болду деп жатат. Сураныч ошол күндө тартылган видео болсо, ким көргөн болсо, кайрылып койгулачы», — деген ал.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун бир тууган карындашы менен байланышты.
«Бизге азыр акыйкаттык, адилеттүүлүк керек. Талмасы жок болчу. Спортчу эле. Көлгө достору, жубайы менен барган. 2000-жылы Таластын Манас районундагы Покровка айылында туулган. 6 бир туугандын төртүнчүсү эле. Бизге бул ишке «каралар» байланышкан деп жатышат. Денесинде, башында, мойнунда тактар бар», — деди ыйлаган бир тууганы.
Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришип, алгачкы сырткы кароо иштери жүргүзүлгөндө, жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалбаганын билдиришкен.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя болгон учурда анын жанында болгон Ысабек аттуу досу менен байланышканыбызда, мушташта ал да жаракат алганын айтып төмөнкүлөргө токтолду.
«Мен ошол учурда жанында болчумун. Балдар келип, бизге тийишти. Ошол жерде мушташ болуп кетти. Мени катуу түртүп салышты. Мен да жаракат алдым. Анын денесинде деле тытыктар бар болчу. Милиция айтып жаткандай досумдун мурда талмасы жок болчу. 2020-жылы үйлөнгөн. Артында жубайы, 1 кызы калды. Жакында 3кө чыгат. Сөөк бүгүн жерге берилмек, бирок экспертизага беришмей болду»,- деген ал.
Редакцияга дагы бир досу кайрылып, талмасы болгону тууралуу калп маалымат тарап жатканын айтты. «Досумдун мурда талмасы жок болчу. Бул жалган маалымат»,- деген.
Сүрөттөр маркумдун бир тууганынын уруксаты менен жарыяланды.
Милисиялар коргоп денесинде жаракат жок деп атса аркасында каралар да кызылдар да бар бираз кыйын болот акыйкатты табыш бирок созсуз турдо бул ищте колу баолардын барысы жазасын ар турлу алат АЛЛАХТАН ечким качып кутула албайт жердешимин жакынарына сабыр каалайм иним ин жаткан жери жайлу болсун .андай мыкачылар дын баарына тилерим бутун семьянар уйбулоонор менен тарткыла маркум инибиздин таракан азабын бир тууган ата енеинин гелинчеги кызынын коз жаштарын ал мыкачыларды Ким коргоп атса бардыгын каргадым жанынар чыксын азап тарта тартаАдам заты онолбой койдуго деги
Койгула айнанайын тузук эле уруптур милицияларга деле ишеним калган жок азыркы заманда акчасы барлар утуп кететда бардык жерде
Аллахым бейиштен орун берсин,🤲 Ата — энесине жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам Кыргызстан дагы бир эр журок Азаматынан айрылып жатат. Найти всех и строго наказать по закону ! Как их этих убийц земля носит, Кудай бар ☝️ рано или поздно таразалап коет….