Баткенде башынан жаракат алган чек арачы ооруканада каза болду

Кечээ, 8-ноябрда Баткен облусунун чек ара отрядынын контракттык аскер кызматкери спорттук жана атайын иш-чараларда коопсуздук эрежелерин бузуунун кесепетинен каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, атайын спорттук иш-чаралардын жүрүшүндө 1996-жылы туулган прапорщик Ы. уулу С. баш мээсине оор жаракат алып, тез арада Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Көрсөтүлгөн жардамга карабастан ал ооруканада каза болгон.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып жатат. Бул факты боюнча бардык тиешелүү органдарга маалымат берилген.