Баткен шаарындагы 3 гектер жер тилкеси 2018-жылы мыйзамсыз мамлекеттин балансынан жеке менчикке өтүп кеткенин УКМК аныктады. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен азыркы менчик ээси өз ыктыяры менен аталган жер тилкесин Баткен мэриясынын балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен мамлекеттик объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган иштерди улантууда.