Баткенде наркоканалды уюштурууга шектелип милициянын лейтенанты кармалды

Эл аралык наркоканалды уюштуруп жаткан жеринен Кыргыз жараны жана анын шериги БМЖКККнын Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча пландуу иштин жүрүшүндө Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан багыты боюнча эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун эл аралык наркоканалы аныкталып, ага бөгөт коюлган. Уюшкан кылмыштуу топтун уюштуруучусу чет элдик баңгизат сатуучулар менен бирге Баткен районунун тургуну жана БМЖКККнын Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкери экендиги аныкталып, алар чет өлкөлөрдөн баңги каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөгө сатуу жана өткөрүү каналын жөнгө салышкан.

Тактап айтканда, 12-февралда Баткен-Ош унаа жолунда атайын операциянын жүрүшүндө Кыргыз жараны кармалып, аны тинтүү учурунда жалпы салмагы 3 килограмм 996,7 грамм (базар баасы 1 миллион 800 миң сом) ооган тектүү «чарс» бангизаты табылган. Аталган трансулуттук баңги тобуна тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, баңги каналын уюштуруучусунун жардамчысы, БМЖКККнын Баткен облусундагы башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери — милициянын лейтенанты С.И.У. кармалды.

Аталган кызматкер Мамлекеттик чек арасынын көзөмөлгө алынган аймактары аркылуу баңги каражаттары үчүн акы төлөө катары кызмат кылган транспорт каражатын өткөрүүгө көмөк көрсөткөн. Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 17-февралда уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөлөрүнө Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 4-бөлүгү – 282-беренесинин 3-бөлүгү менен айып тагылып, Ош шаардык соту тарабынан УКМКнын тергөө абагына 5-мартка чейин камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.