Баткенде вино сактоочу жайда 28 жаштагы жаран ууланып, көз жумду

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

31-август күнү Баткен районунун Чоң-Талаа айылында жайгашкан вино сактоочу жайдагы 10 тонналык идиштерди тазалап жатып, Чоң-Талаа айылынын 51 жаштагы жана 28 жаштагы тургуну ууланып, 28 жаштагы жаран ооруканага жетпей ошол жерде каза болгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маркумдун жакындары соттук-медициналык кароодон баш тартып, жансыз денени ооуканадан алып кетишкен. Бул факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.