Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов үй камагына чыгарылды

Алга Кылычевге ок атты делип кармалган шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим Ленин райондук сотунан чыгарылган.  «Жабырлануучу шектүүгө карата тосмо арыз жаган»,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Эске салсак буга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутат Таалайбек Темиркулов Алга Кылычевдин бутуна ок аткан деп шектелип жаткан. Кийинчерээк, Ленин РИИБдин басма сөз кызматы анын кармалганын билдирген.