Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
9-январь күнү Тергөө кызматына жаран арыз менен кайрылып, 2024-жылдын жаз мезгилинде 1958-жылы туулган жаран жана чет өлкөлүк 2 жаран, Лондон банкынан банктык аккредитив алып берүү шылтоосу менен ишеничине кирип, 75 миң евро өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алышканын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1958-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Сот Бишкек шаарынын 1-тергөө абагына 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасын тандаган.