Социалдык тармакта Бишкекте катталган жол кырсыктын видеосу тарады. Видеонун автору Мерседес унаасы катуу ылдымдыкта мамыны сүзгөнүн жазган.
Кырсык боюнча Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришти. Маалыматка караганда, жол кырсык 5-мартта саат 00:10 чамасында катталган. Мерседес-Бенц унаасынын 2005-жылы туулган айдоочусу Ахунбаев көчөсү менен бара жатып, Алыкулов көчөсүнө жеткенде рулга ээ боло албай калып, электр мамыны сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары бара жаткан 2003-жылы туулган кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram