Бишкекте алдыңкы мектептин окуучулары баңгизат менен кармалды

27-мартта Ботаникалык бакчага баңги заттарын “жашырууга” аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин 2005-жылы жана 2007-жылы туулган 11-9-классынын окуучулары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Кармалгандардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык “Альфа PVP” баңги заты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 грамм) табылып алынган. Бул 1 грамм заттын базар баасы 10 миң сомду түзөт, бир таңгагы мессенжерлер аркылуу 5 миң сомдон сатышууда. Бул табылып алынган 921 грамм баңгизаттан 2302ге жакын доза чыгат, башкача айтканда, баңгизаттын “дозалап” сатылган баасы 12 миллион сомго жетет. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 4-апрелде кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын 2004-жылы туулган тургуну кармалды. Кармалгандар УКМК тергөө абагына киргизилди.

УКМК мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.