Бишкекте батир алдамчылыгы боюнча шектүү кармалды (видео)

Өзгөчө ири өлчөмдөгү бир катар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

2022-жылдын 19-августунда Ленин РИИБге С.К. аттуу жаранга карата чара көрүү арызы түшкөн. Анда 2022-жылдын 9-мартында арыз жазган адамдын ишенимине кирип, алдоо жолу менен батирдин төлөмүн бөлүп-бөлүп алуу шылтоосу менен Севастопольская көчөсүндө курулуп жаткан 6 миллион 351 миң 86 сомдук көп кабаттуу үйдөн 3 бөлмөлүү батирди менчиктеп алып, үчүнчү жактарга сатып, андан түшкөн акчаны жеке муктаждыктарына жумшап, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен. Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышты жасоого катышкан адамдын жашаган жери аныкталбагандыктан, райондук башкармалыктын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (алдамчылык) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сырттан айып тагылган. Арыздын негизинде, Ленин райондук соту шектүү ага карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү сырттан баш коргоо чарасын тандаган. Андан соң издөө иштери козголгон.

2024-жылдын 13-февралында иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган жарандын изине түшүшүп, Тергөө кызматына жеткирилди. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.