Бишкекте чет өлкөлүк жаран мекендешин кайчы менен сайган деген шек менен кармалды

Бишкек милициясы денеге оор залал келтирген шектүүнү кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 7-январда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына чет элдик жаран курсак бөлүгүндө бычактан жаракат алган жана ички кан агуу диагнозу менен түшкөнүн билдиришкен. Жерине барган милиция чет өлкөлүк жаран уруштан улам өзүнүн мекендешинин курсагына кайчы менен сайганын аныкташкан. 

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 1990-жылы туулган жаран кармалган. Учурда тергөө уланууда.