Бишкекте дүкөндөгү мушташ. Милиция кылмыш иши козголгонун билдирди

Кечээ, 23-июлда социалдык тармакта Бишкекте сатуучу менен келиндин мушташкандагы видеосу тарады.

Видео Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда 19-июлда тартылганы, келин сатып алган коюлтулган сүттүн (сгущенка) колдонуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу сатуучуга алмаштырууну суранып барганы, ошол учурда экөөнүн ортосунда чыр чыгып кеткени айтылган.

Окуя боюнча Свердлов РИИБ маалымат берип, окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.

«Милицияга келин кайрылып, анын денесине залал келтирген сатуучуга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 280-беренеси (ээнбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө уланууда. Керектүү экспертизалар дайындалды. Эки тарап тең арыз жазган»,- деп айтылат маалыматта.