Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкекте сатуучу менен келиндин мушташкандагы видеосу менен бөлүшүп жатышат.
Маалыматка караганда, видео Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда 19-июлда тартылган. Маалыматтарга караганда, келин сатып алган коюлтулган сүттүн (сгущенка) колдонуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу сатуучуга алмаштырууну суранып барган. Ошол учурда экөөнүн ортосунда чыр чыгып кеткен. Видеодон келиндин «жаңы төрөгөм» деп кыйкырып жатканын угууга болот.
Эки тараптын тен милицияга арыз жазганы айтылууда. Өз кезегинде сатуучу өзүн жабырлануучу деп эсептейт. Анын айтымында, келин алгач ага колун көтөрүп, андан соң дүкөндөгү товарларды чачып жиберген.