Бишкекте 51 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-сентябрда болжол менен саат 07:43 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкектеги Интергельпо менен Дмитров көчөлөрүнүн кесилишинде эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция тарабынан маркумдун 1971-жылы туулган жаран экени аныкталган. Денесинде криминалдык тактар болгон. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүүлөрдү издөө жүрүп жатат.