8-ноябрга чейин шайлоочулардын алдын ала тизмеси мамлекеттик порталда жайгаштырылат
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуу жарыялады.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 48-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык:
Президентти кезектеги шайлоо Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.
Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 24-сентябрындагы № 715-VIII токтому менен президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына (шаршемби) дайындалды.
Жалпы шайлоо укугунун принциптерине ылайык, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жана добуш берүүгө катышууга укуктуу.
Шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары тышкы иштер маселелерин тескеген мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу камсыз кылынат. Шайлоо күнү активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.
Эгерде Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, ошондой эле биометрикалык каттоодон өтпөсөңүз, Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) биометрикалык каттоодон өтүп, паспорттук маалыматтарыңызды жаңыртсаңыз болот. Добуш берүү күнүнө 80 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 8-ноябрына чейин, www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында шайлоочулардын алдын ала тизмеси жайгаштырылат, анда Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактай аласыз. Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси тиешелүү шайлоо участкаларында 2026-жылдын 18-ноябрына чейин илинет. Кандайдыр бир ката же так эместик табылган учурда, Сиз 2026-жылдын 18-ноябрынан 2027-жылдын 12-январына чейин мыйзамдарда белгиленген тартипте авторизациядан өтүү менен www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталындагы «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук форматта арыз берүүгө укуктуусуз.