SerepTV Logo

Жылуулук насосу менен жылытуу — көмүргө кеткен чыгымдан 30 миң сомдон ашык үнөмдөйт

Жылуулук насосу менен жылытуу — көмүргө кеткен чыгымдан 30 миң сомдон ашык үнөмдөйт

Суук күндөр жакындап келатат. Андыктан үйдү жылытуунун камын азыртан көрүү зарыл. Суроо-талап күчөгөн мезгилде көмүр кымбаттап, аны сатып алууга жана жеткирүүгө кошумча чыгым  талап кылынат.

Жылуулук насосу — экологиялык жактан таза жана үнөмдүү чечим. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары аны орнотуу үчүн Финансы министрлигинин «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагындагы мамлекеттик жеңилдетилген насыядан пайдалана алышат.

Насыянын шарттары:

Суммасы: 1 млн сомго чейин;
Пайыздык чени: жылдык 6%;
Мөөнөтү: 5 жылга чейин.

Насыяны «АБанк» ААК, «Элдик Банк» ААК жана «Бакай Банк» ААК аркылуу тариздөөгө болот. Жылуулук насосу көмүр сатып алуу, күл чыгаруу жана мешти күн сайын жагуу түйшүгүнөн арылтып, жылытууга кеткен чыгымды кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.

Божомолдуу эсептөөлөргө ылайык, аянты 100 м² болгон үйдү 150 күнгө созулган жылытуу мезгилинде жылытууга кеткен чыгымдар төмөнкүдөй болот:

Жылуулук насосу — болжол менен 8 000 сом
Көмүр менен жылытуу — болжол менен 32 500 сом
Электрэнергиясы менен жылытуу — болжол менен 39 000 сом
Газ менен жылытуу - болжол менен  32 900 сом

Демек, жылуулук насосун колдонуу менен бир  кышта  болжол менен 24 500 сомдон 32 900 сомго чейин үнөмдөөгө болот. Бул эсептер болжолдуу түрдө берилди. Иш жүзүндөгү чыгым үйдүн жылуулукту сактоо деңгээлине, аба ырайына жана жабдуунун техникалык өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Жабдууну суук түшкөнгө чейин орнотуп алуу үчүн  АБанк», «Элдик Банк» же «Бакай Банк» банктарынын бирин алдын ала кайрылып, насыя алуу талаптарын тактап алуу сунушталат.

SEREP MEDIA