Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Жумушчулар шаарчасында болгон окуя тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, 30-октябрда саат 14:50 чамасында милицияга Базарная көчөсүнүн тургунунан чакыруу түшкөн. Анын айтымында, мас абалдагы кошунасы аны атып салам деп коркутуп, эки жолу ок чыгарган.
Жабырлануучу милицияга кошунасы эч себепсиз агрессивдүү болуп, сөгүнүп, ал тарапка ок атканын айткан. Басма сөз кызматы тараткан видеодо колунда куралы бар эркек өз үйүндө бекинип алганын көрүүгө болот. Ленин РИИБнин башчысы аны менен сүйлөшүү жүргүзүп, куралын таштап берүүгө көндүргөн.
Бул факт Жазык кодексинин 280-беренеси боюнча катталып, шектүү — 1974-жылы туулган Д.Н. кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилген. Анын үйүнөн белгисиз үлгүдөгү эки атуу мылтык, пневматикалык курал жана эки гильза табылып, алынган.
Тергөө иштери улантылууда.











