УКМК социалдык тармактардагы видеодо аял кишинин сабалышы боюнча реакция жасады.
Кечээ, 25-июнда социалдык тармактарда эркек кишинин кызга кол көтөрүп, зомбулук көрсөтүп жатканы тартылган видео тараган. Ал арада кечинде тартылган видео тарап, эркек кишинин кызга арыз жазбоого коркутуп барганы айтылган.
Ошол эле учурда 60 жаштагы врачтын кызы дал ошол видеодогу жаран анын апасын түртүп жибергенин айтып чыккан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, видеодогу жарандын ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны экени аныкталган. Н. кызы Н. аттуу жарандын арызында, 17-майда ГЭС-5 аймагында мас абалында Р.О.Б. аттуу жаран бетине чаап жибергенин айткан.
Аталган факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан тышкары, ага карата 2024-жылдын июнь айында медициналык кызматкерди сабоо фактысы боюнча дагы бир кылмыш иши козголгону аныкталды.