Свердлов РИИБ маалымат таратып, Бишкекте зордуктоого шектелип 5 жаран кармалганын билдирген.
Милицияга кыз киши кайрылып, 5 адамга чара көрүүнү суранган. Ал 28-февралга караган түнү аны кафеден көтөрүп чыгышып, унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып барып, зордукташканын айткан. Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган 3 жаран, 2001-жылы туулган 2 жаран кармалып, камакка алынган. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кыз качып кеткен жеринен кармап келишип, кайра зордукташканы айтылды. Жабырлануучунун 23 жашта экени да маалымдалды. Свердлов райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган.
Инстаграмдагы shtraf__kg баракчасы дагы бир видео жарыялады. «Айрым адамдар ЖМКларга жаңылык чыккан соң кыздын өзүн күнөөлөй башташты. «Түндө клубга барып, бутуна тура албай мас болуп калганда салып кетишти» дегендер да болду. Бирок бул видеодо кыздын кыйкырып, коё берүүсүн суранып жатканын көрүүгө болот», — деп жазылат маалыматта. Видеонун авторунун айтымында, клубдун күзөтчүлөрү кызды алып чыгып бара жатат деп ойлогон.
Мындан улам социалдык тармактын колдонуучулары клубдун күзөтчүлөрү эмнени карап жатканына ачууланып жатышат. Ошондой эле видеонун автору жардам бергендин ордуна телефонго тартып отурганына нааразы болушту.
Посмотреть эту публикацию в Instagram