Бишкек шаарындагы кафелердин бириндеги мушташ боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
3-август күнү милицияга жаран арыз менен кайрылып, Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар коомдук тартипти бузуп, күч колдонуп, денесине залал келтиргендигин билдирип, чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факты катталып, тергөө иштери башталды.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына 1993, 1998 жана 1995-жылы туулган жарандары жеткирилген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бардык зарыл экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында тиешеси бар адамдардын аракеттерине тийиштүү юридикалык баа берилет. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.