Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 61 жаштагы киши иске ууланды

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн өрт чыгып, 61 жаштагы киши иске ууланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 22-ноябрь күнү болгон. Ленин районунун Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө 5 таштанды жана эски кийим-кечелер күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1960-жылы туулган эркек киши иске ууланган. Жабыркаган жаран Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда абалы туруктуу. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.