1995-жылы туулган Сузак районунун тургуну Ош шаарына келип, мечиттерге намаз окуганы келген жарандардын алаксып калгандыгынан пайдаланып, аларга таандык болгон буюмдарды: телефон, акчалай каражаттары, сумкаларын уурдап изин жашырып жүргөн. Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 20га жакындап калды. Кармалган жаран уурдалган буюмдарын арзан баада соодагерлерге өткөрүп берип турган. 3-апрель күнү шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, уурулук беренеси боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Токтогулда «капитан» кармалды. Ал мал уурдоого шектелүүдө
25-апрелден 3-майга чейинки аралыкта Токтогул районунун аймагында 5 факты мал уурулук учурлары орун алып, ал боюнча топтолгон материалдар катталып, тергөө...