Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен 1999-жылы туулган жаран кармалды. Ал Ош шаарынын аймагында коомдук жайда жарандардын чөнтөгүнө кол салып, акчаларын, уюлдук телефондорун уурдап жүргөндүгү аныкталып, издөө жарыяланган. Ал Нарын шаарынан Ош шаарына келип, чөнтөкчүлүк менен алектенип жүргөн. Учурда бул жарандын үстүнөн 6 арыз түшкөн. Жарандарга келтирилген чыгым 130 миӊ сомду түздү. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 205-берененин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Кыздын кашын, чачын алып кыйнашкан. Кылмышка шектүүлөр кармалды
Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына Ош облусунун 1988-жылы туулган М.К.аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2026-жылдын 8-январдан 9-январга караган түнү 23:30...








