Кечээ, 15-апрелде
Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматындагы мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өз ыйгарым укуктарын тапшырды. Жыйында ал кызматта турган кезиндеги иштин отчетун берди:
— Саламатсыздарбы, урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары! Урматтуу аткаруучу комитет, вице-президенттер жана жер-жерлерден келген биздин өкүлдөрүбүз, футболдук клубдардын өкүлдөрү, ардагерлерибиз — баарыңыздарды көргөнүмө кубанычтамын. Көптөн бери сиздер менен көрүшпөй калдым эле. Сиздер да мени көрбөй, кичине таң калып жатсаңыздар керек: “Каяктан келе калды?” деп. Ошондуктан мен ушул силердин алдыңарда өзүбүздүн футбол боюнча жасаган жумуштарыбыз тууралуу, сиздер менен биргеликте жасаган иштерибиздин отчётун берип коёюн деген ойдомун.
Урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары! Өзүңүздөр жакшы билесиздер, мындан эки жыл мурда, эки жылдан бир аз өтүп калды окшойт, мени Футболдук союздун башчысы кылып дайындагансыздар, туурабы? Мына ошондон бери биз ушул багытта көптөгөн жумуштарды аткардык. Алардын баарын айтып отуруунун кереги жок. Өзүңүздөр экрандан көрдүңүздөр. Бул жумуштар менен биздин кыргыз футболунун тарыхында болуп көрбөгөндөй чоң ийгиликтерге жетиштик. Муну эч ким тана албайт.
Ушунун бардыгы силердин көз алдыңарда, силердин катышууңар менен, коомубуздун, мамлекетибиздин катышуусу менен болуп жатты. Эки жылдын ичинде 17 жаңы стадион куруптурбуз. Дагы 14ү азыр курулуп жатат. 7 миллиард сомдун тегерегиндеги акчаны ушуга жумшаптырбыз. Мындан ары дагы 7-8 миллиард сомдук курулуштар жүрүп жатат. Демек, эки жылдын ичинде биз кыргыз футболуна 14-15 миллиард сом акчаны тартыптырбыз.
Бул акчалар кайдан келди? Бул акчалар жөндөн-жөн эле асмандан түшүп же жерден чыга калган жок. Же бирөө берген жок. Мамлекетибиздин жардамы болду. Өнөктөштөрүбүз, демөөрчүлөрүбүз чоң жардам берди. Келген акчалардын бир сомуна чейин биздин секретариат, фонд башчылары карап турушту. Келген акчалардын бардыгы футболго гана жумшалгандыгы үчүн ушундай ийгиликтер жаралды.
Бирөө бир сом алган жок. Мен ачык эле айтып коёюн, эки жылдан бери иштеп, өзүмө айлык же сый акы катары бир сом акча алган жокмун. Себеби биздин негизги тапшырмабыз футболду өнүктүрүү болчу. Биз ушуга жетиштик. Негизги маселе, керек болсо спорттук жетишкендиктерге карабастан, инфраструктура түзүүгө аракет кылдык.
Бул бир эле борбордун тегерегинде эмес, региондордо — Талас, Нарын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Каракол — бүт бардык жерлерде футболду өнүктүрүүгө аракет кылдык. Азыркы курулуп жаткан 17 объектти тапшырсак, дагы 14 объект курулуп жатат. Анын көпчүлүгү стадиондор. Быйыл ошолордун 70 пайызы бүтүп калат болуш керек, кийинки жылы 30 пайызы бүтөт. Ошондо Кыргызстаныбызда футболду өнүктүрүү, машыктыруу жана спорттук жетишкендиктерге жетишүү үчүн толук шарттар түзүлөт.
Шарттар түзүлгөндөн кийин гана спорттук жетишкендиктер болот. Алдыбызга максат кылып койгонбуз: 2030-жылы Дүйнөлүк чемпионатка чыгуу максатыбыз бар эле. Андан сырткары, өзүңүздөр жакшы билесиздер, Азия футболдук конфедерациясында үч баскыч бар. Азыр биз эң акыркы — үчүнчү баскычында катышып отурабыз.
Биздин футбол эң акыркы баскычта жалгыз гана бир футболдук клуб чыга турган деңгээлге түшүп калганбыз. Муну биз моюнубузга алышыбыз керек. Мындан ары футболду өнүктүрүш үчүн, биз мамлекетибиздеги эң бакубаттуу, коомубузда орду бар жакшы жигиттерибизди футболго тартып келдик. Алар бизге футбол клубдарын түзүп беришти. Ошон үчүн футболдук клубдар өнүгүп жатат.
10 футболдук клубдан 16 футболдук клубга жеттик. Ошол 16 футболдук клубдун үчөө гана мамлекетке тиешелүү болсо, калганы жеке клубдар. Муну башкарган жигиттерге биз рахмат айтышыбыз керек. Каржылашып, кыйналып келген жигиттерге чоң рахмат айтышыбыз керек.
Футболдук клубдар арасынан жакшы чемпиондор чыгат. Азия конфедерациясынын баскычында эң акыркы болсок, анан экинчиге чыгабыз. Үч футбол клуб киргизебиз. Анан биринчи баскычка чыгабыз. Бардык баскычтардын чемпиондору болобуз. Аны үчүн футболдук клубдарга көңүл бурушубуз керек.
Азыр жакшы структура түзүлдү. Мындан ары да алып кетишибиз керек. Таштап койбостон жардам беришибиз керек. Клубдардан жакшы спортчулар чыгат да, улуттук курамга кошулушат. Жаштарыбыз, кыз-келиндерибиз Азиялык жана Дүйнөлүк ареналарда чоң-чоң мелдештерге катышып турушат. Ушул багытта иштешибиз керек.
Биз азыр спорттук-медициналык борбор курдук. Бул Кыргызстан тарыхында биринчи жолу курулду. Жаңы медициналык аппараттарды алып келебиз. Акчабыз бар. Жаңы технологиядагы жабдууларды алып келип, жакшы адистерди алып келебиз. “Мүрөк” деген борбор түздүк. Мындан ары биздин спортчулар башка жактарга барып дарыланышпайт. Өзүбүздө болот.
Бир эле футбол үчүн эмес, бардык спортчулар үчүн да иштейт. Өтө чоң борбор. Катар мамлекетине барып, алар түзгөн медборбордун көчүрмөсүн алып келдик. Бул чоң проект болчу. Бизге “жасай албайсыңар” дешкен болчу. Биз жасадык. Мындан ары аны өркүндөтүп кетүү керек. Борбор биздин футбол союздун менчигинде калды.
Урматтуу жыйындын катышуучулары, мына ушул жумуштардын аткарылышына эки жыл убакыт кетти. Жогорку темпте кеттик. Ушуну алып кетиш керек. Эмесе курулган стадиондор бузулат. Ар бир стадионго жарыктандыруу коюп чыгып жатабыз. Мурда “Спартак” стадионунда бар эле, азыр ар бир айылдагы стадиондорго коюп чыгып жатабыз.
Карабай койсо бузулат. Жер-жерлердеги жетекчилерге айткыла. Эмгекке көңүл буруш керектигин жеткизиш керек. Мэрлерге, акимдерге, губернаторлорго айтуу керек.
Бул жетишкендигибиздин бардыгы кайдан болуп жатат? Мунун бардыгы урматтуу президентибиздин колдоосунун негизинде болуп жатат. Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин колдоосу болбосо, бул ийгиликтер болмок эмес.
Ал киши эки жыл мурда мени суранып: “Ушул футболдук союзга бар, сен футболду жакшы көрөт элең, мен колдоп берейин. Футболду өнүктүрөлү”, — деп чоң максат койгон. Мына, президентибиздин максатын, койгон тапшырмасын биз аткардык.