Чүйдө ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

11-июлда Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан денесинен ар кандай жаракат алган жаран жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жабырлануучунун аты-жөнү такталып, ал 1979-жылы туулган жаран экендиги маалым болгон. Анын жанындагы бир тууган эжеси денеге залал келтирүү фактысы боюнча белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчүн билдирген. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 1978-жылы туулган жаран кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө, окуянын келип чыгышына жарандардын ортосундагы чыр-чатак себеп болгону аныкталып, анын натыйжасында жабырлануучу көптөгөн дене жаракаттарын алган. Учурда шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.