Чүйдө ээн калган сарай өрттөнгөн. Ичинен келиндин жансыз денеси табылды

Чүйдөгү сарайдан жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге Кант шаарында ээн калган сарайдын ичи күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Анын ичинен белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган. Куткаруучулар аялдын жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Өрт саат 01:07де чектөөгө алынып, 01:37де толук өчүрүлгөн. Учурда келиндин аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.