Чүйдөгү 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Жеңил унаанын айдоочусу камакка алынды

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсык боюнча Тойота Ипсум унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 17-ноябрда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө окуя боюнча маалымат түшкөн. Кызматкерлер жерине барган учурда жеңил унаа менен УАЗ сүзүшкөнү маалым болгон. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилди. Факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып жатат. Кылмышка шектүү катары жеңил унаанын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.