Депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Бакытбек Жетигенов камактан бошотулушу мүмкүн. Эгер…

Эгер Жогорку Кеңеш депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду жоопко тартууга макулдук бербесе, алар камактан бошотулат жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековго жана Төрөбай Зулпукаровго Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы тууралуу, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигеновго Кылмыш-жаза кодексинин 38, 309-беренелеринде (бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү) каралган кылмышты жасагандыгы тууралуу шектелгендиктери боюнча кабарламалар берилип, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган.

1-декабрга чейин иштеген Жазык-процесстик кодексинин негизинде Жогорку Кеңештин аталган депутаттарын жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор 2021-жылдын 24 жана 29-ноябрында Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларды киргизген.

«Башкы прокурордун сунуштамаларынын кароонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында карап добуш берүү жолу менен жогорудагы депутаттарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же макулдук берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алат. Демек, кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим Жогорку Кеңештин чечиминин негизинде алынат. Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш макулдук берген учурда көрсөтүлгөн депутаттар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат, ал эми, макулдук берүүдөн баш тартуусу депутаттардын камактан бошотулушуна негиз болот жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин аларга карата иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат», — деп айтылат маалыматта.