Кечээ, 20-декабрда Германиянын Магдебург шаарындагы жаңы жылдык жарманкеде теракт болуп, азыркы учурга 11 кишинин каза таап, 80 адам жаракат алганы айтылууда. Маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттары Саксония жергесинин администрация башчысы Райнер Хазелоффтын билдирүүсүнө таянып жазышууда.
Топтолгон адамдарды сүзгөн унаадагы шектүү кармалды. Хазеллоф кармалган киши 50 жаштагы теги сауд арабиялык экенин айтты. Ал Германияга 2006-жылы келип, дарыгер болуп иштеп жүргөн.
«Франс-пресс» агенттиги жазгандай, кара түстөгү жеңил автоунаа топ адамды 400 метрдей жиреп барып токтогон.
2022-жылы Берлиндеги көчөлөрдүн биринде бараткандарды автоунаа сүзүп, бир адам каза болуп, отуздан көбү жараат алган. Ал эми 2016-жылы Берлиндеги жаңы жылдык жарманкеге топтолгондорду жүк ташуучу унаа сүзүп, 12 кишинин өмүрү кыйылган.