«Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалды

«Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМ Жазык кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш ишин козгогон. Март айынын башынан бери Кыргызстандын булуң-бурчунан “Ихсан Групп ЛТД” кооперативине кирген жарандардан арыздар түшкөн. ИИМдин маалыматы боюнча, жабырлануучулар түзүлгөн келишимдердин негизинде 4% жана 7% өлчөмүндө кирүү акысын, ошондой эле мүлктүн баштапкы төгүмдөрдү — 25%, 35% жана 50% өлчөмүндө төлөшкөн.

«Бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин мүчөлөрү турак-жай, унаа ала элек. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара алышпай калышкан», — деп айтылат маалыматта. Келтирилген чыгымдын суммасы 121 миллион 313 миң 950 сомду түзүп, «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилиги тарабынан кайтарылган эмес. 

Кечээ, 11-июлда 1975-жылы туулган «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалган.