Ири өлчөмдөгү баңги заттарды сактоочу жай табылды (видео)

Өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК баңги каражаттарын жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарындагы гараж кооперативдеринин биринде Кыргызстандын мыйзамдарында өндүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган «Мефедрон» баңги затынын реагенттери (компоненттери) болгон химиялык заттардын көмүлгөн жайын аныктады. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 300 килограммдан ашык порошок түрүндөгү жана 360 литрге жакын суюктук түрүндөгү химиялык заттар документтештирилип, алынды. Аталган заттардын бири синтетикалык Альфа-Пирролидинопентиофенон (Альфа-ПВП) дарысы болсо, калган заттар Мефедрон синтетикалык дарысынын реагенттери болуп чыкты.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган каражаттардан 10 килограмм мефедрон өндүрүлүп, ал 10 миң дозадан ашмак, аны сатканда наркы 500 миң долларды түзмөк.