Биринчи Май райондук салык органынын начальниги ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
«Кызматтан бошотууга пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалышы негиз болду»,- деп айтылат Салык кызматы тараткан маалыматта.
Бүгүн, 31-мартта УКМК Биринчи Май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Б.Т.Т. ишкерлерден системалуу түрдө акча алуу фактысы менен кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдаган.